> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги 9 айдын жыйынтыгы менен бөлүштү
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/31/enierghietika-ministrlighi-9-aidyn-zhyiyntyghy-mienien-bolushtu/
- Published: 2025-10-31T12:16:54.000Z
- Updated: 2025-10-31T12:16:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Саясат

**Бүгүн Энергетика министрлигинде энергетикалык компаниялардын 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегия болгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

> Министрликтин билдиришинче, Кыргызстанда жыл башынан бери 11,3 млрд киловатт-саат электр энергиясы иштелип чыкан жана керектөө 13,8 млрд киловатт-саатты түзгөн. 2.7 млрд киловатт-саат тартыштык импорт менен жабылган.

> Токтогул ГЭСинде 3-гидроагрегатты оңдоо аяктап, ал станциянын кубаттуулугун 60 мегаваттка жогорулатат. Ошондой эле модернизациялоо Үч-Коргон ГЭСинде өтүп кубаттуулук 9 мегаваттка жогорулаган. Камбар-Ата-1 ГЭСи Дүйнөлүк банктын жардамы менен 1,5 млрд долларга курулуп жатат. 

Ошондой эле 41 мегаватт кубаттуулуктагы 5 чакан ГЭС ишке кирип, жыл аягына чейин дагы төртөө ачылат. Ошондой эле жалпы кубаттуулугу 3 миң 150 мегаватт болгон 5 күн жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлган. 

Ушул отчеттук мезгилде “Кыргызкөмүр” 655 миң тонна көмүр өндүрүп, газдаштыруу 7,5 миң үй чарбасын камтыган. Жаңы подстанциялар киргизилип, 430 миң “акылдуу” эсептегичтер орнотулган.