> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги: Ысык-Көлдө 36 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/31/enierghietika-ministrlighi-ysyk-koldo-36-mindien-ashyk-akylduu-esieptieghich-ornotuldu/
- Published: 2025-10-31T04:10:40.000Z
- Updated: 2025-10-31T04:10:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Ысык-Көл облусунда электр тармагын санариптештирүү активдүү жүрүүдө. Жыл башынан бери аймактагы 36 272 акылдуу эсептегич орнотулду, жана 2025-жылдын соңуна чейин 55 923 даана орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

> Иш чара электр энергиясын бөлүштүрүү жана эсептөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп, Энергетика министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Акылдуу эсептегичтер:

- Көрсөткүчтөрдү реалдуу убакытта жөнөтөт;
- Электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт;
- Сырттан кийлигишүүнү аныктайт;
- Дебитордук карыз болгондо автоматтык өчүрүлүп, төлөмдөн кийин кайра кошулат;
- Коррупциялык тобокелдиктерди азайтат.

> Бул санариптештирүү электр энергиясын ачык, так жана коопсуз пайдаланууга, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн кызмат сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

 Суроолор үчүн: 105; 1209  
+996 772 001209; +996 556 001209  
WhatsApp: +996 702 001209