> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акыркы эки жылда жалпы кубаттуулугу 90 мегаваттан ашык 13 жаңы ГЭС курулган
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/10/akyrky-eki-zhylda-zhalpy-kubattuulughu-90-mieghavattan-ashyk-13-zhany-ges-kurulghan/
- Published: 2025-11-10T04:11:53.000Z
- Updated: 2025-11-10T04:11:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Саясат

**Президент Садыр Жапаров өткөн апта аягында электр энергиясы маселеси тууралуу калкка кайрылуу жасап, акыркы 3 жылда курулган жана келечекте курула турган ГЭСтер тууралуу кенен маалымат берди.** 

“Биз 3 жылдан бери массалык түрдө ГЭСтерди, күндөн жана шамалдан энергия алчу станцияларды куруп жатабыз. Бирок ошого карабастан, кышкысын энергия жетишпейт. Себеби жыл сайын жүздөгөн завод-фабрикалар, миңдеген мектеп, бала-бакчалар, миллиондогон квадрат метр үйлөр курулуп, алар да көптөгөн энергия талап кылып жатат”,- дейт президент. 

Буга улай өлкө башчы буга чейин ишкер киргизилген ГЭСтерди санап өттү. 

**2024-жылы ишке киргизилген ГЭСтер:**

- Бала-Саруу ГЭСи – 25 МВт (Талас облусу);
- Ысык-Ата-1 ГЭСи – 2 МВт (Чүй облусу);
- Көк-Арт ГЭСи – 6,7 МВт (Жалал-Абад облусу);
- Кайнама ГЭСи – 9,6 МВт (Жалал-Абад облусу);
- Исфайрам-1 ГЭСи – 2 МВт (Баткен облусу);
- Курак-Тектир-1 ГЭСи – 0,6 МВт (Ош облусу);
- Арашан ГЭСи – 2,4 МВт (Ысык-Көл облусу);
- Белес ГЭСи – 0,54 МВт (Баткен облусу)
- Жалпы кубаттуулук 48,84 МВт болду.

**2025-жылы ишке берилген ГЭСтер:**

- Койсуу ГЭСи – 9 МВт (Ысык-Көл облусу);
- Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт (Чүй облусу);
- Аксы ГЭСи – 4,75 МВт (Жалал-Абад облусу);
- Боз-Учук ГЭСи – 5,54 МВт (Ысык-Көл облусу);
- Кара-Көл ГЭСи – 18 МВт (Жалал-Абад облусу)  
Жалпы кубаттуулук 41,29 МВт.

**“**Мындан тышкары, мурдагы ири ГЭСтерде жаңылануу иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулду. Токтогул ГЭСинин 4 агрегатынын баары жаңыртылып, 240 МВт кошулду. Бул 240 МВттык жаңы ГЭС курган менен барабар. Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциянын алкагында 9 МВт кошулду, ал эми толук бүткөндө 36 МВт кошумча кубат берилет. Камбар-Ата-2 ГЭСинде 120 МВттык экинчи агрегатты ишке киргизүү долбоору иштөөдө. Ат-Башы ГЭСи жаңыланып 11,44 МВт кошулду. Лебединовка ГЭСинде реконструкция жүрүүдө. Ошондой эле Папан ГЭСи, Ылдыйкы Тар ГЭСи жана Быстровка ГЭСи боюнча даярдык жана долбоордук иштер уланып жатат”,-деген өз сөзүндө С.Жапаров.