> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Майлуу-Сууда 22,45 млн сомго электр тармактарынын заманбап имараты салынды
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/10/mailuu-suuda-22-45-mln-somgho-eliektr-tarmaktarynyn-zamanbap-imaraty-salyndy/
- Published: 2025-11-10T11:31:32.000Z
- Updated: 2025-11-10T11:31:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**8-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактарына караштуу Майлуу-Суу район электр тармактарынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.** 

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр сөзүндө жаңы имараттын энергетиктерге сапаттуу шарт түзөрүн жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи.

> Жаңы имарат эки кабаттан туруп, 45 жумушчу орунга ылайыкташкан, электр жабдыктарды сактоочу жана оңдоочу эки бокс курулду. Курулуш 22,45 млн сомго “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК тарабынан каржыланды. Эски бала-бакча Майлуу-Суу шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди.

Майлуу-Суу район электр тармагы 8 000 керектөөчүнү жана жергиликтүү электр заводун үзгүлтүксүз камсыз кылат. Ачылыш аземинде кызматкерлерге Ардак грамоталар тапшырылып, жумушун жеңилдетүү үчүн 2 автоунаа берилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/78184284fa5440a397d6d6b63e38a402.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/d1b0193ffe264d72969559744bf7ccd3.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/f703bf32fa1b41878ea36072f626bfc8-1.webp)