> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бала-Саруу ГЭСи быйыл 76 млн кВт/саат иштеп чыкты
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/11/bala-saruu-gesi-byiyl-76-mln-kvt-saat-ishtiep-chykty/
- Published: 2025-11-11T12:05:27.000Z
- Updated: 2025-11-11T12:05:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Экономика

**“Чакан ГЭС” ААКсынын директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев радио эфирде Бала-Саруу ГЭСинин иши боюнча айтып берди.** 

> Аталган станция 2024-жылы ишке кирген. ГЭСте 10 мегаваттык эки жана 5 мегаваттык бир агрегат иштейт. ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт. 

“Станция Манас районунун Киров суу сактагычында жайгашкан. Электр энергиясы суу сактагычтан келген суунун эсебинен иштелип чыгат”,-дейт Мамбеталиев. 

> Маалыматка ылайык, Бала-Саруу ГЭСи 2024-жылы 29 млн киловатт-сааттан көп, а 2025-жылдын башынан тарта 76 млн киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыккан.