> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжайда "Базарбай ата" чакан ГЭСи пайдаланууга даяр болду
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/12/kadamzhaida-bazarbai-ata-chakan-gesi-paidalanuugha-daiar-boldu/
- Published: 2025-11-12T03:28:31.000Z
- Updated: 2025-11-12T03:28:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Кызыктуу

**Кадамжай районунда "Базарбай ата" чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр болгонун “Кабар” маалымат агенттигине президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкен.** 

> Маалыматка ылайык, ГЭСтин 1-агрегаты тесттик режимде иштеп, сыноодон ийгиликтүү өттү. Анын кубаттуулугу 200 кВт/саат, ал эми станциянын жалпы кубаттуулугу 600 кВт/саатты түзөт.

Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8 млн сом инвестиция салган. Мындан сырткары, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 8 млн сом насыя берилген. ГЭСтин ишке кириши менен аймактагы электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт.   

Станцияда 10 адам жумуш менен камсыз болот.