> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыймыл датчиктерин орнотуу электр энергиясын колдонууну кыйла азайтат
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/12/kyimyl-datchiktierin-ornotuu-eliektr-enierghiiasyn-koldonuunu-kyila-azaitat/
- Published: 2025-11-12T08:22:44.000Z
- Updated: 2025-11-12T08:22:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Коом

**“Биринчи радио” эфиринде Бишкек электр тармактары ишканасынын (БЭТИ) өндүрүштүк-техникалык бөлүм жетекчиси Замирбек Темирбеков кыргызстандыктарды аз-аздан болсо да кыймыл датчиктерин орнотууга чакырып жатканын билдирди.** 

Анын айтымында, БЭТИ 110 административдик имаратка кыймыл датчиктерин орнотушуп, мониторинг жүргүзүшкөн. 

“Бир лампочканын кубаттуулугу 48 ватт, жумуш убагында ал 8 саат күйөт. Датчикти орноткондон кийин ал 4 саат гана күйгөн. Ошентип БЭТИ жыл ичинде 5,5 киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөдү”,-дейт З. Темирбеков. 

Буга улай ал ишкананын балансында 133 мектеп, 306 бала бакча, 48 мончо, 88 сауна жана 92 оорукана бар экенин кошумчалаган. 

“Бул объектилерге кыймыл датчиктерин жана жарыкты автоматтык башкаруу системаларын аз-аздан киргизүү менен электр энергиясын колдонууну бир кыйла азайтсак болот”,-дейт ал.