> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министри: электр энергиясы өчпөйт, чектөө убактылуу
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/13/enierghietika-ministri-eliektr-enierghiiasy-ochpoit-chiektoo-ubaktyluu/
- Published: 2025-11-13T07:36:49.000Z
- Updated: 2025-11-13T07:36:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**"Өлкөдө электр энергиясы өчүрүлгөн жок, болгону кубаттуулук азайтылууда",- деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында.** 

Анын айтымында, эртең менен саат 07:00дөн 09:00гө чейин жана кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясын керектөө өтө жогору. Бул убакта калкка берилчү 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин азайтылууда.

> "Электр энергиясы көп керектелген учурда биз келишимдеги 5 кВт кубаттуулукту камсыз кыла албай жатабыз. Бул чектөө менен телевизор, муздаткыч, лампочка, жылыткыч жана суу ысыткычты иштетүүгө мүмкүнчүлүк калат. Энергия өчүрүлгөн жок, болгону кубаттуулук азайтылууда", — деди Таалайбек Ибраев.

Министрдин айтымында, бул чектөө электр энергиясынын тартыштыгы жана орточо баасынын жогору болушуна байланыштуу киргизилди. Тартыштыкты жабуу үчүн кВт/саат баасы болжол менен 2 сом 50 тыйынга жетиши керек, учурда тариф 1 сом 37 тыйын.