> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/13/sh-mirziieiev-suu-enierghietikalyk-masielie-talashtyn-bashaty-emies-ekienin-aitty/
- Published: 2025-11-13T14:35:55.000Z
- Updated: 2025-11-13T14:35:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Саясат

**Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев Борбор Азияда сууэнергетикалык маселе чыр-чатактардын башаты болбой калганын билдирди. Ал Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча макулдашуу Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн ортосундагы туугандык өз ара мамилелердин символу болуп калганын билдирди.** 

Буга улай ал Тажикстан, Түркмөнстан суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча кызматташуунун позитивдүү учурларын эске салды. 

 Өзбек лидери суу менен энергия – талаштын себеби эмес, туруктуу өнүгүүнүн фундаменти экенин баса белгиледи. Бул долбоорлор регионду экологиялык өнөктөштүктүн жана кызыкчылыктардын балансы экенин да ал белгилеп өттү.