> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкция аяктап, сыноо иштери башталды
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/13/toktoghul-zhana-uch-korghon-gestierindie-riekonstruktsiia-aiaktap-synoo-ishtieri-bashtaldy/
- Published: 2025-11-13T05:54:23.000Z
- Updated: 2025-11-13T05:54:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министри Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги реконструкцияны текшерди.** 

**Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагыда Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги гидроагрегаттардын реконструкциясы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.** 

> Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты толук калыбына келтирилип, учурда сыноо иштеринин этаптары жүрүп жатат. Реконструкциянын негизги максаты — станциянын иштөө мөөнөтүн узартуу, кубатын 1200 МВттан 1440 МВтка жеткирүү жана заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын орнотуу.

Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты да модернизацияланып, кубаттуулукка дагы 9 МВт кошулду. 2026-жылы калган эки гидроагрегат реконструкцияланып, жалпы кубаттуулук 36 МВтка көбөйтүлөт.

Министр ошондой эле жакында ишке берилген 18 МВт кубаттуулуктагы Кара-Көл ГЭСинин учурдагы абалы менен таанышып, станциянын штаттык режимде иштеп жатканын көрдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/4cda90af5e014e669844a584d6d65358.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/9886ab4f07a0428f9355155e555e3eef.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/b5d4db2623374977859aeedbc5ffdffb.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/c88846b173344c859a38ba3ea274c5e9.webp)