> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл электр тармагы күз-кыш мезгилине толук даярдык көрдү
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/14/ysyk-kol-eliektr-tarmaghy-kuz-kysh-miezghilinie-toluk-daiardyk-kordu/
- Published: 2025-11-14T07:00:18.000Z
- Updated: 2025-11-14T07:00:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Ысык-Көл электр тармагы 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине бардык даярдык иштерин аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.**

Даярдыкта энергетикалык объектилерде, электр берүү чубалгылары жана көмөк чордондордо пландык оңдоо жана техникалык тейлөө жүргүзүлдү. Негизги максат — аймактын тургундарын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу.

**Негизги иштер:**

- 61 подстанцияда 4863 жабдууга тейлөө жүргүзүлдү, 436сына оңдоо жасалды.
- 100,7 чакырым чубалгылар оңдолуп, 1422,6 чакырым аба чубалгылары тейленди, 6837 эски изолятор алмаштырылды.
- 10/0,4 кВдагы 1222 көмөк чордон жана 1687 чакырым чубалгылар тейленди; 757 жыгач мамылар темир-бетонго алмаштырылды.
- Трансформатор цехи 105 трансформаторду оңдоп, 26,2 тонна май тазалады.

Бул иштер күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн жүргүзүлдү.