> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кечээ Кочкор районунда темирбетон мамыларын чыгара турган ишкана ачылды
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/15/kiechee-kochkor-raionunda-tiemirbieton-mamylaryn-chyghara-turghan-ishkana-achyldy/
- Published: 2025-11-15T03:12:34.000Z
- Updated: 2025-11-15T03:12:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Кызыктуу

**Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Чолпон айылындагы темирбетон курулуш материалдарын чыгаруучу цехтин ачылышы болду.** 

> Министрликтин маалымат-кызматынын билдиришинче цехтин жалпы аянты 844,5 чарчы метр жана ишкананын сметалык баасы 42 млн 793 миң сом болгон. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/-----------1-4-1.jpeg)

> Цехте жылыга 5,5 миң тонна СВ-95, СВ-105 жана СВ-110 үлгүлөрүндөгү темирбетон мамыларды чыгарууну пландап жатат. 

Чыгарылган материалдар Кочкор районунун энергетикалык инфраструктурасын жаңылоого колдонулат.