> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/17/bishkiektie-5-komok-chordondun-kubattuulughu-zhoghorulatyldy/
- Published: 2025-11-17T04:13:48.000Z
- Updated: 2025-11-17T04:13:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Быйыл Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Алар:

- 110/10 кВ "Көк-Жар" көмөк чордону - 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулука;
- 110/10 кВ "Орто-Алыш" көмөк чордону – 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулукка;
- 110/10 кВ "Алтын-Казык" көмөк чордону - 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка;
- 110/10 кВ "Берлик" көмөк чордону - 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка;
- 35/10 кВ "Водоконал" көмөк чордону – 6,3 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 МВА кубаттуулукка:

> 5 көмөк чордонго жалпы 146 МВА кубаттуулук кошулуп, аймактарда калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо жолго салынды. Жыл аягына чейин дагы 2 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.

Жабдыктарды жаңылоо, көмөк чордондордун кубаттулуктарын жогорулатуу иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде жана каскаддык ыкма менен ишке ашырылып жатканы айтылат маалыматта.