> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде гидроагрегаттар ишке берилди
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/18/toktoghul-zhana-uch-korghon-gestierindie-ghidroaghrieghattar-ishkie-bierildi/
- Published: 2025-11-18T13:00:45.000Z
- Updated: 2025-11-18T13:00:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын жана Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

> Токтогул ГЭСинин модернизациясы 100% ийгиликтүү аяктап, станциянын жалпы кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка көбөйдү. Ар бир гидроагрегаттын кубаттуулугу 300 МВттан 360 МВтка жогорулады. Модернизациянын максаты – станциянын кубаттуулугун жогорулатуу жана электр энергиясына болгон туруктуу муктаждыкты канааттандыруу.

Үч-Коргон ГЭСинде да экинчи гидроагрегат реконструкциядан ийгиликтүү өтүп, ишке берилди. Бул иштер өлкөдөгү гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоо жана реабилитациялоо программасынын алкагында жүргүзүлүп, энергетика тармагындагы маанилүү кадам катары бааланууда.