> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бала-Саруу ГЭСи пландан ашык электр энергиясын өндүрдү
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/19/bala-saruu-gesi-plandan-ashyk-eliektr-enierghiiasyn-ondurdu/
- Published: 2025-11-19T12:50:50.000Z
- Updated: 2025-11-19T12:50:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлиги билдиргендей, Бала-Саруу ГЭСи 2025-жылдын башынан тарта 77 млн кВт**/**саат электр энергиясын өндүрдү. Бул пландаштырылган 75,1 млн кВт**/**сааттын ордунан ашыкча көрсөткүч болуп саналат.**

Станциянын адистери агрегаттардын иштешин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, гидротехникалык объекттердин параметрлерин текшерип турушат. "Чакан ГЭС" ААК гидроэлектростанциянын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздоону улантууда.

Бул жыйынтык өлкөнүн электр энергия менен камсыздоосун жакшыртууга багытталган аракеттердин натыйжасы болуп эсептелет.