> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл аягында Кыргызстанда биринчи жолу күн электр станциясы ишке кирет
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/21/zhyl-aiaghynda-kyrghyzstanda-birinchi-zholu-kun-eliektr-stantsiiasy-ishkie-kiriet/
- Published: 2025-11-21T13:55:10.000Z
- Updated: 2025-11-21T13:55:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Ушул жылдын 15-декабрында Балыкчы шаарында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу 120 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ишке берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги "Алтай" шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде билдирди.**

Президенттин айтымында, учурда өлкөдө 100гө жакын гидроэлектр, күн жана шамал электр станциялары курулуп жатат. Бул долбоорлордун 2028-жылга карата бүтүшү Кыргызстанды энергетикалык кризистен чыгарып, туруктуу энергия менен камсыздоого өбөлгө түзөт.