> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда 8 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/24/zhalal-abadda-8-komok-chordondun-kubattuulughu-zhoghorulatyldy/
- Published: 2025-11-24T08:30:39.000Z
- Updated: 2025-11-24T08:30:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Жалал-Абад облусунда 8 көмөк чордондун күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул иштер Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдык тапшырмаларынын алкагында “КУЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.**

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Базар-Коргон Т-1 16 МВАдан 40 МВАга, Көк-Таш 6,3 МВАдан 16 МВАга көтөрүлдү. Иш-чаралар тармактын ишенимдүүлүгүн күчөтүп, калкты сапаттуу жана туруктуу электр менен камсыздоого багытталды.

> Кошумча, райондордо жана шаарларда 83 миң акылдуу эсептегич орнотулуп, 540 чакырым аба чубалгылары оңдолуп-түзөлдү, ошондой эле 557 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Натыйжада облус электр тармагында туруктуулук жогорулап, жаңы турак жайлар жана социалдык объектилер үчүн электр энергиясы үзгүлтүксүз жеткирилет.