> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусунда электр эсептөө системасын санариптештирүү уланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/26/naryn-oblusunda-eliektr-esieptoo-sistiemasyn-sanariptieshtiruu-ulanuuda/
- Published: 2025-11-26T09:21:31.000Z
- Updated: 2025-11-26T09:21:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Нарын облусунда электр тармагын санариптештирүү жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында автоматташтырылган эсепке алуу системасын (АСКУЭ) орнотуу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

> 2025-жылга карата 32 753 абонентке АСКУЭ орнотуу пландалган болсо, учурда 30 643ү (94%) ийгиликтүү орнотулду. Иш-аракеттер ноябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүлөт.

Райондор боюнча абоненттердин саны:

- Ак-Талаа: 6 488 пландалган, 6 298 орнотулду
- Ат-Башы: 10 113 пландалган, 8 936 орнотулду
- Жумгал: 8 058 пландалган, 7 753 орнотулду
- Нарын: 3 289 пландалган, 3 171 орнотулду
- Тогуз-Торо: 4 805 пландалган, 4 485 орнотулду

АСКУЭ орнотуу Нарын облусунда электр энергиясынын сапатын, тактыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү кадам болуп, керектөөчүлөргө ыңгайлуулукту камсыздайт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-68.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/4-49.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-57.jpeg)