> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ала-Арча" паркындагы жаңы трансформатордун курулушу 95%га аяктады
- URL: https://im.kg/energetika/2025/11/27/ala-archa-parkyndaghy-zhany-transformatordun-kurulushu-95-gha-aiaktady/
- Published: 2025-11-27T11:05:49.000Z
- Updated: 2025-11-27T11:05:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын маалымат кызматы билдиргендей, энергетиктер "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында 10/0,4 кВ жаңы трансформатордук көмөк чордонун куруу иштери 95%ы бүткөрүлдү. Объект жакынкы күндөрү ишке берилет.**

Бул долбоор Энергетика министрлигинин калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо жана туризмди өнүктүрүү багытындагы тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында аткарылууда. Жаңы трансформатор А-фрейм үйлөрүн, конок үйлөрүн жана асма жолдорду электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жол ачат. Натыйжада улуттук паркка келген туристтер үчүн шарттар кыйла жакшырмакчы.

> Курулуш иштеринин алкагында Ак-Сай капчыгайында катаал шарттарга карабай чоң көлөмдөгү иштер аткарылды:  
> — 1 чакырым траншея казылып, кабель чубалгылары салынды;  
> — тоонун жонуна 30 даана темир бетон мамы орнотулду;  
> — 2 чакырым СИП аба чубалгылары тартылды;  
> — 6300 кВА кубаттуулуктагы 1 трансформатор жана 2500 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор орнотулду.