> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги: Энергияны үнөмдөө жөнөкөй кадамдардан башталат
- URL: https://im.kg/energetika/2025/12/03/enierghietika-ministrlighi-enierghiiany-unomdoo-zhonokoi-kadamdardan-bashtalat/
- Published: 2025-12-03T04:12:13.000Z
- Updated: 2025-12-03T04:12:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлиги калкты электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган кезектеги кайрылуусун жарыялады.** 

> Электр энергия — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги булагы. Бүгүн аны канчалык туура пайдалансак, эртеңки күндүн туруктуулугу ошондон көз каранды. Өчүрүлгөн ар бир лампа, үнөмдүү колдонулган ар бир шайман — бул майда кадам эмес, өлкөнүн энергосистемасын ишенимдүү кармоого кошулган чыныгы салым, деп айтылат министрликтин маалыматында.

Электрди үнөмдөө үй-бүлөлүк бюджетти коргойт, системадагы жүктү азайтат жана Кыргызстандын энергетикасынын туруктуулугун бекемдейт. Энергияны сарамжалдуу пайдалануу жөнөкөй аракеттерден башталат — дал ушул аракеттер жоопкерчиликтүү жана күчтүү келечекти түзөт, деп белгиленет маалыматта.