> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түрк мамлекеттер уюмунун энергетика министрлери  негизги долбоорлорду аташты
- URL: https://im.kg/energetika/2025/12/11/turk-mamliekiettier-uiumunun-enierghietika-ministrlieri-nieghizghi-dolboorlordu-atashty/
- Published: 2025-12-11T11:06:35.000Z
- Updated: 2025-12-11T11:06:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**Стамбулда өткөн жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) энергетика министрлери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бир катар маанилүү долбоорлорду белгилешкенин уюмдун басма сөз кызматы маалымдады.**

> **Анда негизги долбоорлор катары төмөнкүлөр көрсөтүлдү:**

- нефть жана газ куурлары (Баку — Тбилиси — Жейхан, Түштүк-Кавказ кууру, TANAP, TAP, Ыгдыр — Нахичеван газ кууру);
- Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын “жашыл” энергияны өнүктүрүү жана берүү боюнча стратегиялык кызматташуусу;
- "Камбар-Ата-1" ГЭСи;
- Кара деңиз алдынан өтүүчү, кайра жаралуучу булактардан өндүрүлгөн электр энергиясын экспорттоого арналган кабель долбоору.

Энергетикалык жана транспорттук интеграцияланган тармактар туруктуу жеткирүүлөрдү камсыз кылууда, энергия ресурстарынын соодасын кеңейтүүдө жана түрк аймагындагы геосаясий туруктуулукту бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.

Жолугушуу учурунда ТМУ өлкөлөрүнүн салттуу, кайра жаралуучу энергия ресурстарын жеткирүүдө чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экени жана Азия менен Европанын кесилишинде стратегиялык позицияны ээлегени баса айтылды.

ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык потенциалын гана эмес, Европанын жана коңшу региондордун энергетикалык коопсуздугун да бекемдей турган демилгелерди өнүктүрүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйында тараптар 2023–2027-жылдарга карата Энергетикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу ниетин дагы бир жолу тастыкташты. Кийинки министрлердин жыйыны 2026-жылы Өзбекстанда өтөт.

ТМУнун курамына Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Түркмөнстан — байкоочу.