> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде жаңы конуштар электр менен толук камсыз болду
- URL: https://im.kg/energetika/2025/12/15/batkiendie-zhany-konushtar-eliektr-mienien-toluk-kamsyz-boldu/
- Published: 2025-12-15T11:44:06.000Z
- Updated: 2025-12-15T11:44:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев облус калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайы, акыркы жылдары Баткенде эскирген электр тармактары жаңыртылып, жаңы көмөк чордондор курулду, акылдуу эсептегичтер орнотулуп, көчөлөр толугу менен жарыктандырылды.

> Чек арадан көчүрүлгөн тургундар жашаган Жаңы-Достук, Раззаов жана Максат айылдары кыска мөөнөттө электр менен камсыз болду. Ошондой эле Баткен шаарындагы “Жаңы-Достук” айылы, Асман-1, Асман-2 ипотекалык үйлөр, “Баткен Сити” конушу, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадион жана Бужум айылы жаңы 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордону аркылуу электр энергиясына туруктуу кошулду.

Абдирашит Ташбалтаев белгилегендей, курулган чакан ГЭСтер жана энергетика тармагындагы пландалып жаткан долбоорлор облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир берип, калкты жана мекеме-ишканаларды сапаттуу электр менен камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.