> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги III Элдик курултайда көтөрүлгөн кайрылууларды аткарууда
- URL: https://im.kg/energetika/2025/12/17/enierghietika-ministrlighi-iii-eldik-kurultaida-kotorulghon-kairyluulardy-atkaruuda/
- Published: 2025-12-17T09:31:00.000Z
- Updated: 2025-12-17T09:30:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**III Элдик курултайда делегаттар тарабынан Энергетика министрлигине жалпысынан 59 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, кайрылуулардын көбү көмөк чордондорун куруу жана жаңылоо, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу, эски электр мамыларын алмаштыруу, газдаштыруу, чакан ГЭС куруу жана жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоого байланыштуу болгон.

Учурда 8 кайрылуу толугу менен аткарылды. Калк жыш жайгашкан аймактарда көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылып, кошумча трансформаторлор орнотулуп, эски жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылды.

> Ошондой эле 41 кайрылуу боюнча иштер уланууда, ал эми 10 кайрылууну аткаруу мүмкүн эмес экени белгиленди. Бул негизинен чакан ГЭС куруу, газдаштыруу жана документтери толук бүтө элек конуштарга байланыштуу.