> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл электр энергиясын колдонуу өндүрүүдөн 1 млрд кВт/саатка көп болгон
- URL: https://im.kg/energetika/2025/12/23/byiyl-eliektr-enierghiiasyn-koldonuu-onduruudon-1-mlrd-kvt-saatka-kop-bolghon/
- Published: 2025-12-23T07:27:07.000Z
- Updated: 2025-12-23T07:27:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Саясат

**"Экономиканын ылдамдап жатышы электр энергиясын колдонуу динамикасында көрүнүп жатат: биз өндүрүштү жетиштүү деңгээлде көбөйтө албай жатабыз", — деди бүгүн, 23-декабрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев "Биринчи радио" эфиринде.**

> Анын айтымында, быйыл электр энергиясын колдонуу өндүрүштөн 1 млрд кВт/саатка ашып кеткен — бул экономикалык активдүүлүктүн өсүшүн көрсөтөт.

"Экинчи жагдай — бюджеттин структурасы. Мурда аны "социалдык бюджет" деп аталса, азыр "өнүгүү бюджети" түзүлдү. Эгер чыгымдардын бөлүштүрүлүшүнө карасак, болжол менен 23% социалдык маселелерге жумшалса, реалдуу секторду өнүктүрүүгө каралган чыгымдардын үлүшү 35%га жетти. Бул экономиканын реалдуу секторуна көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын билдирет", — деди ал.