> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 2026-жылы 17, 2027-жылы 19 чакан ГЭС курулат
- URL: https://im.kg/energetika/2025/12/24/kyrghyzstanda-2026-zhyly-17-2017-zhyly-19-chakan-ges-kurulat/
- Published: 2025-12-24T09:35:34.000Z
- Updated: 2025-12-24T10:19:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Кызыктуу

**2026-жылы 17 чакан ГЭС, ал эми 2027-жылы дагы 19 жаңы ГЭС куруу пландалып жатканын парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.**

Анын айтымында, 2024-жылы электр энергиясын жалпы өндүрүү көлөмү 117,8 мегаваттка жеткен.

"Өткөн жылы жалпы кубаттуулугу 48,8 мегаваттты түзгөн сегиз чакан ГЭС ишке берилген, а 2025-жылы болсо кубаттуулугу 49 мегаватт болгон тогуз чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Токтогул ГЭСи (1 миң 440 мегаватт) модернизацияланды, Таш-Коргон ГЭСинин гидроагрегаттары жаңыланууда. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылган жаңы чакан ГЭСтер, анын ичинде "Камбар-Ата-1" ГЭСи курулуп жатат", — деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Ал ошондой эле энергетика тармагындагы компаниялар техниканы өз каражаттарынын эсебинен сатып алышканын белгилеп, өткөн жылы 129 техника, ал эми 2025-жылы 141 техника алынганын кошумчалады.

Адылбек Касымалиевдин белгилешинче, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка алып келип, келечек муундар үчүн бекем энергетикалык пайдубал түзөт.