> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Кыргызстандагы 100 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын ачты
- URL: https://im.kg/energetika/2025/12/24/priezidient-kyrghyzstandaghy-en-alghachky-kun-eliektr-stantsiiasyn-achty/
- Published: 2025-12-24T06:25:56.000Z
- Updated: 2025-12-24T06:27:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Саясат

**Бүгүн президент Садыр Жапаров Кемин районунда жайгашкан Кыргызстандагы алгачкы күн электр станциясын ачты.** 

Электр станциясынын кубаттуулугу 100 МВт түзөт. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, инвесторлор жана жергиликтүү тургундар катышты.

Долбоордун инвестору — "Этернал Энергия" ЖЧКсы.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын жетекчиси Ма Вэньцзюнь болуп саналат. Ал эми негиздөөчүлөрү:

- "Яньань ЦзюЦзю фотоэлектр компаниясы" ЖЧКсы,
- "Чжэшуй Кыргызстан инвестициялык компаниясы",
- "Чжэцзян Цзяннэн Строй".

Компания 2024-жылы түзүлгөн, ал эми 2025-жылдын 27-октябрында кайра каттоодон өткөн.