> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жыл ичинде 1917 трансформатор оңдолду
- URL: https://im.kg/energetika/2025/12/29/bishkiektie-zhyl-ichindie-1917-transformator-ondoldu/
- Published: 2025-12-29T06:37:22.000Z
- Updated: 2025-12-29T06:37:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Бишкекте жыл ичинде 1917 трансформатор оңдолду жана жаңы жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, Бишкек электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында комплекстүү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүздү.

**2025-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган негизги иштер:**

- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 47 көмөк чордондун жабдуулары оңдолду;
- 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1917 трансформатордук көмөк чордондор (ТП) оңдолду;
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 560 км жана 10–0,4 кВ чыңалуудагы 2175 км электр аба чубалгылары оңдолду;
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 891 км кабелдик чубалгылар текшерилип жана оңдолду;
- 2850 "акылдуу" эсептегичтер орнотулду;
- 87 км электр аба чубалгылары СИП-2 менен, 31 км кабелдик чубалгылар жана 32 км СИП-3 менен алмаштырылды;
- 33 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.

> Аны менен катар, Бишкекте 2025-жылы 110/10 кВ "Мурас" аттуу жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулуп, төмөнкү заманбап жабдуулар менен жабдылган:

- 40 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор;
- 110 кВ элегаз өчүргүчтөр жана ажыраткычтар;
- 10 кВ тышкы орнотуудагы комплекттик бөлүштүрүү түзүлүшү (КРУН).

Бул иштер күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/2-65.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/3-49.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/4-39.jpeg)