> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө электр энергиясын камсыздоо үчүн 12 кошумча трансформатор орнотулду
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/14/chuido-eliektr-enierghiiasyn-kamsyzdoo-uchun-12-koshumcha-transformator-ornotuldu/
- Published: 2026-01-14T07:07:38.000Z
- Updated: 2026-01-14T07:07:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Чүй облусунда кошумча трансформатордук көмөкчордондорду (ТКЧ) орнотту.**

Атап айтканда, төмөнкү айылдарда ТКЧ орнотулду:

- Сокулук районунун Нижний-Чүй айылы – 1 даана,
- Ак-Ордо жаңы конушу – 4 даана,
- Панфилов району: Орто-Арык жана Панфилов айылы – ар бирине 1 даана,
- Кемин району, Алмалуу айылы – 1 даана,
- Кант шаары – 2 даана,
- Москва району, Ак-Суу айылы – 1 даана,
- Аламүдүн району, Лебединовка айылы – 1 даана.

> Жалпы облус боюнча 12 даана кошумча трансформатордук көмөкчордондор орнотулду.

Бул иштер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.