> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/14/kambar-ata-2-gesindie-ekinchi-ghidroaghrieghattyn-kurulush-ishtieri-ulantyluuda/
- Published: 2026-01-14T07:45:22.000Z
- Updated: 2026-01-14T07:45:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу улантылууда. Долбоор улуттук энергосистеманын ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана электр энергиясын туруктуу камсыздоо үчүн стратегиялык мааниге ээ.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда, техникалык коштоо жана инженердик көзөмөлдү Fichtner GmbH & Co. KG компаниясы камсыз кылууда. 

> Алгачкы курулуш жана монтаждоо иштери аткарылып, кеңсе жана турак жай инфраструктурасы даярдалды, гидроагрегаттардын техникалык текшерүүлөрү жүргүзүлдү.

"Электр станциялар" ААК долбоордун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, графикке ылайык иштерди камсыз кылууда. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга жана электр энергиясын туруктуу камсыздоого багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-10.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-4.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-3.jpeg)