> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы Ош облусунда жаңы көмөк чордондор ишке берилген
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/15/otkon-zhyly-osh-oblusunda-zhany-komok-chordondor-ishkie-bierilghien/
- Published: 2026-01-15T08:33:36.000Z
- Updated: 2026-01-15T08:33:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Былтыр Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде “КУЭТ” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары тарабынан электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн эске алуу менен бир катар маанилүү иштер аткарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Жүктөмү жогору аймактарда кубаттуулугу жетишсиз болгон трансформаторлор жогорку кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлорго алмаштырылып, кошумча көмөк чордондор курулду. 

> Атап айтканда, Ош шаарында 110/10 кВ “Кең-Сай”, ал эми Ноокат районунда 35/10 кВ “Кулатов” көмөк чордондору курулуп, пайдаланууга берилди. “Кулатов” көмөк чордону 2-Элдик курултайда көтөрүлгөн маселенин негизинде ишке ашырылып, ага Абшыр–Кулатов 35 кВ аба чубалгысы тартылды.

Мындан тышкары Ош облусунда каскаддык ыкма менен бир катар көмөк чордондордо трансформаторлор алмаштырылып, алардын кубаттуулугу жогорулатылды.