> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 35 600 акылдуу электр эсептегич орнотулду
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/15/talasta-35-600-akylduu-eliektr-esieptieghich-ornotuldu/
- Published: 2026-01-15T11:36:10.000Z
- Updated: 2026-01-15T11:36:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактары филиалы облустун төрт районунда — Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү иштерин улантууда.**

> Энергетика министрликтин маалыматына ылайык, учурда пландалган 35 600 даана акылдуу эсептегич толугу менен орнотулду, анын ичинде 1 фазалуу 31 280 даана жана 3 фазалуу 4 320 даана жаңы типтеги эсептегичтер бар. Айтматов районунда 11 032, Талас районунда 11 164, Бакай-Ата районунда 8 268, Манас районунда 5 136 даана эсептегич ийгиликтүү орнотулду.

2026-жылы кошумча 3 390 даана 3 фазалуу акылдуу эсептегичтер орнотулуп баштайт. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды аныктоого жана төлөм процессин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.