> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде эски электр өчүргүчтөрү жаңы вакуумдук жабдуулар менен алмаштырылды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/16/batkiendie-eski-eliektr-ochurghuchtoru-zhany-vakuumduk-zhabduular-mienien-almashtyryldy/
- Published: 2026-01-16T06:31:57.000Z
- Updated: 2026-01-16T06:31:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого багытталган иш-пландынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын Баткен электр тармактар ишканасы облус аймагындагы 35/6 кВ жана 35/10 кВ көмөк чордондорунда эски май менен иштеген өчүрүп-жандыргычтарды заманбап 10 кВ вакуумдук өчүрүп-жандыргычтарга толугу менен алмаштырды.**

Иш-чаралар 8 көмөк чордондо жүргүзүлүп, анын ичинде:

> 35/6 кВ “Чаувай” жана “Насосная – Кулунду” чордондорундагы багыттар;

> 35/10 кВ “Кара-Булак” (Лейлек), “Достук”, “Кара-Булак” (Баткен) жана “Марказ” чордондорундагы багыттар;

> 110/35/10 кВ “Самат” жана 35/10 кВ “Сүлүктү” чордондорунда аккумулятор батареялары жаңы үлгүдөгү батареяларга алмаштырылды.

Жаңыланган вакуумдук өчүргүчтөр ишенимдүүлүгү жогору, өрт коркунучу жок жана тейлөө чыгымдары аз болуп, электр энергиясын берүүдө авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга шарт түзөт. Бул модернизациялоо Баткен облусунун энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

Алдыда 35/10 кВ “Кара-Токой-1” чордондо дагы вакуумдук өчүргүчтөрдү орнотуу пландалууда.