> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/19/bishkiektie-kun-batarieiasy-zhana-enierghiia-saktoo-tutumu-mienien-pilottuk-dolboor-ishkie-kirdi/
- Published: 2026-01-19T12:58:41.000Z
- Updated: 2026-01-19T12:58:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин колдоосу менен күн фотоэлектр станциясын энергия сактоо тутуму (BESS) менен айкалыштырган пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Долбоордо:

- энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВт·с болгон сактоо тутуму,
- кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы,
- энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS) орнотулуп, ишке киргизилди.

> Жаңы тутум on-grid режиминде жүктөм чокусун тегиздөөгө жана керектөөнү оптималдаштырууга, off-grid режиминде авариялык өчүрүүлөр учурунда объектти үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

КР ЭКМ белгилегендей, мындай пилоттук долбоорлор жашыл экономиканы өнүктүрүүгө, заманбап энергетикалык чечимдерди киргизүүгө жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.