> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Бишкекте жалпы 28 миң акылдуу электр эсептегич орнотулган
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/19/byltyr-bishkiektie-zhalpy-28-min-akylduu-eliektr-esieptieghich-ornotulghan/
- Published: 2026-01-19T10:12:45.000Z
- Updated: 2026-01-19T10:12:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин демилгеси менен Бишкек электр тармактар ишканасы — "КУЭТ" ААКнын филиалы электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму (АСКУЭ) боюнча акылдуу эсептегичтерди орнотуп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

АСКУЭ эсептегичтерин орнотуунун негизги максаты — электр энергиясын натыйжалуу бөлүштүрүү, көзөмөлдү күчөтүү жана керектөөнү так эсепке алуу.

2025-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын райондорунда жалпы 28 миң даана акылдуу эсептегич орнотулду:

> • Ленин району — 9 140 даана   
> • Свердлов району — 4 659 даана   
> • Биринчи Май району — 11 742 даана   
> • Октябрь району — 2 374 даана

 Мындан тышкары, 2026-жылы 42 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда.

 Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:   
• көрсөткүчтөрдү серверге реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө өткөрүп берет;   
• керектөө белгиленген кубаттуулуктан ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;   
• дебитордук карыз болгон учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайра күйгүзөт;   
• эсептегичке тыштан кийлигишүү аракети аныкталганда дароо кабар берет;  
• жеткирилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;   
• электр энергиясын уурдоонун коркунучтарын азайтып, контролёр менен керектөөчүнүн түз байланышына болгон муктаждыкты кыскартуу аркылуу адам факторун жокко чыгарат;   
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт.