> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/19/zhalal-abadda-7-komok-chordondun-kubattuulughu-zhoghorulatyldy/
- Published: 2026-01-19T09:15:19.000Z
- Updated: 2026-01-19T09:15:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата тапшырмасынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы бир катар ири иштерди аткарды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

> Бул иштердин алкагында облус боюнча 7 көмөк чордондун күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылды:

- 110/35/10 кВ “Базар-Коргон” – 16 МВАдан 40 МВАга;
- 110/10 кВ “Барпы” – 10 МВАдан 16 МВАга;
- 110/35/6 кВ “Шамалды-Сай” – 10 МВАдан 16 МВАга, 15 МВАдан 16 МВАга;
- 110/10 кВ “Громадина” – 6,3 МВАдан 10 МВАга;
- 35/10 кВ “Комсомол” – 10 МВАдан 16 МВАга;
- 35/10 кВ “Бекен” – 4 МВАдан 10 МВАга;
- 35/10 кВ “Дзержинский” – 2,5 МВАдан 4 МВАга.

Ошондой эле, 2026-жылга пландалган иштердин алкагында дагы 5 көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу каралган.

Кубаттуулук жогорулатуу иштери каскаддык ыкма менен аткарылып, электр тармактын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

> Акыркы жылдары жаңы турак жайлардын, өндүрүш жана социалдык объекттердин көбөйүшү трансформаторлорго жүктөмдү жогорулатып жаткандыктан, бул иштер абдан маанилүү болуп калды.

Натыйжада, Жалал-Абад облусунун электр тармагынын туруктуулугу жогорулап, калкка жана ишканаларга сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы жеткирилет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1-39.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-17.jpeg)