> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 2025-жылы 7%га өскөн
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/20/kyrghyzstanda-eliektr-enierghiiasyn-kieriektoo-2025-zhyly-7-gha-oskon/
- Published: 2026-01-20T09:51:57.000Z
- Updated: 2026-01-20T09:51:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**Өлкөдө чакан ГЭСтерди жана ЖЭБдерди кошкондо жылына 14 млрд 500 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлөрүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков билдирди.**

Анын айтымында, учурда электр энергиясына болгон муктаждык 20 млрд кВт саатка жакын болуп, тартыштык 4 млрд 300 млн кВт саатты түзөт.

> "2025-жылы жетишпеген электр энергиясы Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Россиядан импорттолду. Бизде кубаттуулукту кошконго караганда, электр энергиясын керектөө күндөн-күнгө өсүп жатат. Жыл сайын электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп, быйылкы эсеп менен керектөөнүн өсүшү 7 %дан ашты. Жалпы КМШ өлкөлөрү боюнча алсак, Россияда керектөө 1,5–3%га чейин көтөрүлөт. Ал эми бизде керектөөнүн өсүшү 7%дан ашып кетти”, — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал 2026-жылга жетишпеген электр энергиясы боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүп, импорттоо жолу менен камсыздоо иштери да пландалып жатканын кошумчалады.