> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Папан чакан ГЭСинин курулушу уланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/20/papan-chakan-gesinin-kurulushu-ulanuuda/
- Published: 2026-01-20T05:24:04.000Z
- Updated: 2026-01-20T05:24:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Ош облусунун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 27 МВт болгон "Папан" чакан гидроэлектр станциясынын курулушу улантылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Учурда төмөнкү иштер аткарылды:

- Гидроэлектр станциясынын имараттары курула турган аймакка чейинки узундугу 8 чакырымды түзгөн убактылуу жол курулду;
- Папан суу сактагычынын чөйчөгүндө суу алуучу курулманы куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди;
- ГЭСтин имаратын жана 110 кВ чыңалуудагы ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү (ОРУ-110 кВ) камтыган өндүрүштүк түйүндү куруу үчүн жерлерди бөлүү жана трансформациялоо боюнча иштер жүрүп жатат;
- Курулуш мезгилинде электр энергиясын пайдалануу үчүн техникалык шарттар иштелип чыгып, макулдашылды;
- Папан ГЭСинен "Узловая – Беш-Мойнок" 110 кВ аба чубалгысынан электр берүү үчүн таянычтарды орнотууга керектелүүчү жер тилкелерин бөлүү маселелери каралууда.

> Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документация иштелип чыгып, курулуштун алдын ала планы аныкталды, суу сактагычтын аймагына кирүүгө уруксат алынды жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Папан ГЭСинин капсула салуу аземи 2024-жылдын 5-октябрында болуп өткөн.