> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр өлкө боюнча 279 жаңы трансформатор орнотулган
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/22/byltyr-olko-boiuncha-279-zhany-transformator-ornotulghan/
- Published: 2026-01-22T06:45:53.000Z
- Updated: 2026-01-22T06:45:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 2025-жылы 279 даана жаңы трансформатор орнотуп, 366 даана трансформатордун кубаттуулугун жогорулатты. Жалпы 645 трансформаторго жаңылоо иштери жүргүзүлдү.** 

Ведомстводон билдиришкендей, трансформатор орнотуу иштери бардык региондордо аткарылды:

- Бишкек — 69 даана
- Баткен — 95 даана
- Жалал-Абад — 113 даана
- Ысык-Көл — 61 даана
- Нарын — 77 даана
- Ош — 117 даана
- Талас — 36 даана
- Чүй — 77 даана

> Бул модернизациялоо иштеринен кийин электр жабдууларынын кубаты көбөйүп, күз-кыш мезгилинде энергосистема туруктуу иштеп, электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жакшыртылат.

"Кыргызстан УЭТ" ААК энергосистеманы заман талабына шайкеш, эффективдүү жана туруктуу калыптандыруу боюнча иш-чараларды улантууда.