> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Таласка 35,6 миң акылдуу эсептегич орнотулуп, 32 трансформатордук пункт ишке берилди
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/22/byltyr-talaska-35-6-min-akylduu-esieptieghich-ornotulup-32-transformatorduk-punkt-ishkie-bierildi/
- Published: 2026-01-22T07:58:18.000Z
- Updated: 2026-01-22T07:58:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Талас облусунда энергетикалык тармак 2025-жылга койгон планын толугу менен аткарды. Облус боюнча 35 600 даана жаңы акылдуу эсептегич орнотулду, 32 даана трансформатордук пункт ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Аба чубалгыларда реконструкция иштеринде 0,4 кВ линияларда 463, 10 кВ линияларда 200 мамыча жаңыртылып, жаңы СИП-3 зымдары тартылды. Жаңы линия курууда 276 мамыча орнотулду. 167 трансформатор капиталдык оңдоодон, 1 234 даана техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү, 3 300 фарфор изолятор айнек изоляторго алмаштырылды.

> 110 кВ “Семетей–Победа” аба чубалгысында 47 чакырым узундуктагы зымдар жана жабдуулар толугу менен жаңыртылды, 35 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо 30 жабдык капиталдык оңдоодон, 1 608 жабдык техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Бул иштер күз-кыш мезгилинде электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга негизги кадам болду.