> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулар боюнча жыйын өттү
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/22/enierghietika-tarmaghyndaghy-inviestitsiialyk-makuldashuular-boiuncha-zhyiyn-ottu/
- Published: 2026-01-22T03:45:15.000Z
- Updated: 2026-01-22T03:45:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Саясат

**МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүнө байланышкан жыйын өткөрдү.** 

Аталган жыйынга өлкөдөгү күн, шамал электр станцияларын, гидроэлектростанцияларды, жылуулук электр станцияларын куруу иштерин жүргүзүп жаткан жана куруу этабында турган 15тен ашуун компаниянын жетекчилери онлайн жана видео байланыш аркылуу катышты. 

> Жыйында 2023-жылдан тартып энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен кубаттуулугу 5 450 МВтты түзгөн күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча 12 инвестициалык макулдашуунун ишке ашырылышы талкууланды. Ошондой эле, кубаттуулугу 2 239 МВтты түзгөн гидроэлектростанцияларын куруу боюнча 3 инвестициалык макулдашуу, мындан тышкары кубаттуулугу 2 685 МВтты түзгөн жылуулук электр станцияларын куруу боюнча 3 инвестициалык макулдашуунун ишке ашырылышы каралды. 

Ишкерлер менен биргеликте электр станцияларын куруу иштериндеги аткарылган иштер, келип чыккан маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору сүйлөшүлдү.