> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# GPRC, NRP жана KCG компаниялары Кыргызстанда 3 жаңы ЖЭС курууга кызыкдар
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/22/gprc-nrp-zhana-kcg-kompaniialary-kyrghyzstanda-3-zhany-zhes-kuruugha-kyzykdar/
- Published: 2026-01-22T07:19:50.000Z
- Updated: 2026-01-22T07:19:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министри Таалайбек Ибраев GPRC, NRP жана KCG компанияларынын Консорциумунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жолугушуунун алкагында министр өлкөнүн энергетика системасынын акыркы жылдардагы өнүгүүсү жана жүргүзүлүп жаткан долбоорлор тууралуу маалымдады.

> Министр Консорциумду Кыргызстандагы көмүр кендерине жылуулук электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялар ар бири 350 МВт кубаттуулугу бар, жалпы 1050 МВт болгон үч ЖЭСти курууну пландап жатышканын билдирди. Алар таза көмүр технологиясын колдонуу аркылуу үзгүлтүксүз жана ишенимдүү энергия өндүрүүгө умтулушарын белгилешти.

Консорциумдун адистери кендерди жана көмүрдүн сапатын — күлдүүлүк, нымдуулук, учуучу заттар, күкүрт жана фосфор курамын, калориялуулукту — иликтеп чыгышы керек. Энергетика министрлиги долбоорду ишке ашырууда зарыл колдоолорду көрсөтөрүн белгиледи.