> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусунда электр тармактары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/23/batkien-oblusunda-eliektr-tarmaktary-kuchotulghon-tartiptie-ishtiep-zhatat/
- Published: 2026-01-23T05:25:13.000Z
- Updated: 2026-01-23T05:25:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Баткен облусунда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.**

Акыркы күндөрү аба ырайынын кескин суукташы электр энергиясына болгон жүктөмдү жогорулаткан. Ошого карабастан, учурда облус боюнча кырдаал туруктуу болуп, электр жарыгы өчүрүлгөн участоктор жок.

> Электр тармактарынын ишин камсыз кылуу максатында Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү аймактарында 5 ыкчам топ күнү-түнү иш алып барууда.

Авариялык учурларга ыкчам чара көрүү үчүн 22 чыгуучу бригада, атайын техникалар жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

> Баткен электр тармактар ишканасы аймактагы абал толук көзөмөлдө экенин билдирип, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1-73.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-20.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-14.jpeg)