> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/24/enierghietika-ministrlighi-2025-zhyldyn-zhyiyntyghyn-chyghardy/
- Published: 2026-01-24T08:18:42.000Z
- Updated: 2026-01-24T08:18:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Кечээ Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.** 

Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Администрациясынын өкүлү Улугбек Нургазиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана тармактык компаниялардын жетекчилери катышты.

Коллегияда 2025-жылы энергетика тармагында аткарылган иштер жана 2026-жылга коюлган негизги милдеттер талкууланды. Министр Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу башкы приоритет экенин белгилеп, бардык пландар графикке ылайык өз убагында аткарылышы керектигин баса белгиледи.

> Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 19,3 млрд кВт/саат түзүп, 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн 3,8 млрд кВт/саат электр энергиясы импорттолгон.

Аталган жылы ири ГЭСтерди модернизациялоонун алкагында кошумча 69 МВт кубаттуулук ишке берилди. Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде гидроагрегаттарды жаңылоо иштери улантылды. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча ТЭНди актуалдаштыруу иштери жүргүзүлүп, долбоорго эл аралык каржылоо тартуу багытында активдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

> Мындан тышкары, 2025-жылы сегиз чакан ГЭС ишке киргизилип, күн электр станцияларынан 100 МВттан ашык кубаттуулук кошулду. Газдаштыруу, көмүр өндүрүү, нефть тармагында да пландар ашыгы менен аткарылганы белгиленди.

Коллегиянын жыйынтыгында 2026-жылга карата энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, жаңы объекттерди өз убагында ишке берүү жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу негизги багыттар катары аныкталды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-8.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-7.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-7.jpg)