> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы көмүр базасында 28 миң тонна көмүр кору бар
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/26/balykchy-komur-bazasynda-28-min-tonna-komur-koru-bar/
- Published: 2026-01-26T07:38:14.000Z
- Updated: 2026-01-26T07:38:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКнын Балыкчы шаарындагы көмүр базасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы жүктөө-түшүрүү пунктунда Бишкек ЖЭБи үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр жана шаардык көмүр базасы үчүн 2 миң тонна тандалма көмүр камдалган.

> Көмүр базасында 50 даана HOWO үлгүсүндөгү автопоезд иш алып барып, 4 фронталдык жүктөгүч жана 1 экскаватор суткасына 24 сааттык режимде иштеп жатат.

2025-жылы "Кара-Кече" көмүр кесиминен Балыкчы көмүр базасына 624 миң тоннага жакын көмүр жеткирилген. Ал эми 2026-жылдын январь айында Бишкек ЖЭБине 77 миң тонна көмүр жөнөтүлдү.

> Иш сапардын жыйынтыгында министр аба ырайы суук маалда калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырмасын берди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-23.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-35.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-16.jpeg)