> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Жалал-Абадга 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/26/byiyl-zhalal-abadgha-65-mindien-ashyk-akylduu-esieptieghich-ornotulat/
- Published: 2026-01-26T04:23:52.000Z
- Updated: 2026-01-26T04:23:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Өлкөдөгү санариптештирүү саясатынын алкагында Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын натыйжасында 2025-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пландын негизинде 82 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

Атап айтканда, Сузак районунда 34 711, Базар-Коргон районунда 33 650, Майлуу-Суу шаарында 7 165 жана Кара-Көл шаарында 6 501 даана акылдуу эсептегич коюлду.

Ал эми 2026-жылы Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Алар Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүнө, ошондой эле Токтогул жана Ноокен райондоруна орнотулат.

> Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөдөн тышкары, электр жабдыктарын ашыкча жүктөмдөн жана бузулуулардан коргойт. Ошондой эле электр энергиясын алыстан көзөмөлдөөгө, эсеп-кысап иштеринде адам факторун азайтууга, керектелген электр энергиясы боюнча так жана ыкчам маалымат алууга, мыйзамсыз кошулууларды аныктоого жана керектөөчүлөр үчүн ачык-айкын эсеп жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул иштер электр тармагындагы санариптик өзгөрүүлөрдү ылдамдатып, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга жана энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.