> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Куланак ГЭСинин курулуш каржылана баштайт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/27/kulanak-gesinin-kurulush-karzhylana-bashtait/
- Published: 2026-01-27T06:34:51.000Z
- Updated: 2026-01-27T06:34:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Экономика

**Кечээ Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Нарын аймагындагы Куланак гидроэлектростанциясынын курулушун каржылоо боюнча келишимге кол койду.**

Куланак гидроэлектростанциясы Нарын дарыясынын жээгиндеги Куланак айылында жайгашкан. Анын орнотулган кубаттуулугу 100 МВт, жылдык өндүрүшү 435 млн кВт/саат, бул өлкөнүн энергетикалык тартыштыгын 11%га кыскартат.

**Долбоор төмөнкүлөрдү камсыз кылат:**

- Кыргызстандын аймактык электр энергиясы рыногундагы позициясын бекемдейт;
- Энергетика тармагынын жана улуттук экономиканын отун рыногундагы өзгөрүүлөргө көз карандылыгын азайтат;
- Жергиликтүү жана республикалык бюджеттин кирешелерин көбөйтөт;
- Региондо 100гө чейин жаңы туруктуу жумуш орундарын түзөт;
- Куланак өрөөнүндөгү сугат жерлердин аянтын көбөйтөт.