> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Кыргызстанда 8 чакан ГЭС ишке киргизилген
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/28/byltyr-kyrghyzstanda-8-chakan-ges-ishkie-kirghizilghien/
- Published: 2026-01-28T08:05:42.000Z
- Updated: 2026-01-28T08:05:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Былтыр республика боюнча жалпы кубаттуулугу 44,59 МВт түзгөн 8 чакан гидроэлектростанция (ЧГЭС) пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Алардын бири "Чакан ГЭС" ААКга таандык Кара-Көл ГЭСи 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылган.

> Мындан тышкары, учурда "Чакан ГЭС" ААК тарабынан Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар ГЭСтеринин курулушу улантылууда. Бул объекттер ири ГЭСтердин жүгүн толук жеңилдетпесе да, энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жана электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга олуттуу салым кошот.

Тактап айтканда, 2025-жылы чакан ГЭСтерден жалпы 400 млн кВт/сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын ичинен 2025-жылы ишке берилген 8 жаңы ЧГЭС тарабынан 41 млн кВт⋅сааттан ашуунэлектр энергиясы өндүрүлгөн.

> Энергетика министрлиги жана "Чакан ГЭС" ААК чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү, жаңы объекттерди куруу жана иштеп жаткан ГЭСтердин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытындагы иштерди улантат.