> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көк-Арт РЭТи толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/28/kok-art-reti-tolughu-mienien-zhanylanyp-paidalanuugha-bierildi/
- Published: 2026-01-28T06:47:28.000Z
- Updated: 2026-01-28T06:47:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынакараштуу Көк-Арт РЭТинин жаңыланган имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

> Имарат 2025-жылдын март–ноябрь айларында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 112 кызматкергеылайыкталды. Долбоордун наркы 5,7 млн сомду түзүп, каражат “КУЭТ” ААКнын өздүк эсебинен каржыланды. Курулуш иштерин "Өмүр-Курулуш" ЖЧКсы аткарды.

Ачылышта министр Таалайбек Ибраев энергетика тармагын өнүктүрүүнүн негизги максаты генерацияны жогорулатуу экенин белгилеп, энергетиктер үчүн шарт түзүү жана калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүү биринчи орунда турарын айтты.

> Ошондой эле Жалал-Абад ЭТине калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жаңы атайын техника тапшырылды.

Эске салсак, Көк-Арт РЭТинин имараты 1984-жылы курулуп, бүгүнкү күндө толугу менен заманбап талаптарга жооп берген шартка келтирилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1-109.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-30.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/22.jpeg)