> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 36 МВтка жогорулайт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/01/29/uch-korghon-gesinin-kubattuulughu-36-mvtka-zhoghorulait/
- Published: 2026-01-29T03:27:26.000Z
- Updated: 2026-01-29T03:27:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери улантылууда. Пакет-2 алкагындагы иштерди Кытай Эл Республикасынын CNEEC компаниясы аткарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

2026-жылы станцияда №2 жана №1 гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо пландалган. Бул ыкма иштердин мөөнөтүн кыскартып, натыйжалуулукту жогорулатат.

> Учурда эки гидроагрегат боюнча даярдык иштери башталган. №2 гидроагрегатты реконструкциялоо 2026-жылдын 1-февралында, №1 гидроагрегатты 1-мартта баштоо каралган.

Азыр №2 гидроагрегатта статор таякчаларын ширетүү жана роторду чогултуу иштери жүрүп жатат. №1 гидроагрегат боюнча долбоордук даярдык параллелдүү жүргүзүлүүдө.

Иштер бекитилген графикке ылайык, коопсуздук талаптарын сактоо менен аткарылат.

> Модернизациянын жыйынтыгында 2025-жылы станциянын кубаттуулугу 18 МВтка жогорулаган. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы өсүш 36 МВтты түзөт.

Долбоор станциянын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.