> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында жаңы көмөк чордон курулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/02/manas-shaarynda-zhany-komok-chordon-kurulat/
- Published: 2026-02-02T06:23:18.000Z
- Updated: 2026-02-02T06:23:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**2026-жылы Манас шаарынын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоо максатында 110/10 кВ "Бакай" көмөк чордону курулат. Жаңы объект калкты, социалдык объектилерди жана курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайларды туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөрүн Энергетика министрлиги билдирди.**

Ошондой эле эскирген 3 энергетикалык объект жаңыланат:

- Кара-Көл РЭТинин имараты;
- Аксы РЭТине караштуу Кербен УЭТинин имараты;
- Токтогул РЭТине караштуу Үч-Терек УЭТинин имараты.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусу боюнча 5000 темир-бетон мамыча алмаштырылып, 270 чакырым аба чубалгысы заманбап СИП электр өткөргүчтөрүнө өткөрүлөт жана 50 даана жаңы трансформатор орнотулат.